Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:02

Украина: Сумыда жарадар болгон алты кишинин абалы өтө оор


Сумы шаарындагы чабуулдан 4 киши каза тапты. Украина, 3-июнь 2025-жыл.
Сумы шаарындагы чабуулдан 4 киши каза тапты. Украина, 3-июнь 2025-жыл.

Орус армиясы шаршембиге караган түнү Харьковду дрон жана ракеталар менен аткылаганда өрт тутанып, бир нече киши жабыркаганын жергиликтүү бийлик билдирди.

Шаар мэри Игорь Терехов тогуз «Шахед» пилотсуз учак жана эки ракета менен сокку урулганын жазды.

Анын айтымында, өнөр жай зонасында өрт чыгып, жер там күйдү, бир киши жабыркады.

Харьков облусунун губернатору Олег Синегубов ракета чабуулунан жарандык ишкананын аймагында өрт тутанганын, 30 жаштагы киши жаракат алганын кабарлаган.

Украинанын Аба күчтөрүнүн Телеграм каналындагы маалыматка караганда, 4-июнга караган түнү орус аскерлери 91 дрон менен чабуул койду. 36 пилотсуз учак атып түшүрүлгөнү, 25и “радарлардан жок болгону, зыян келтирбегени” айтылат.

Алдыңкы күнү Сумы шаарында төрт киши каза тапканы, 24 тургун жарадар болгону маалымдалган. Эртеси облустук аскердик администрация алты кишинин, арасында үч баланын абалы оор болуп жатканын, бардыгы болуп медициналык жардам 30 кишиге көргөзүлгөнүн билдирди.

Украин президенти Владимир Зеленский карапайым адамдар атайылап бутага алынганын айтып, АКШны жана Европаны Орусияга кысымды күчөтүүгө, чечкиндүү чара көрүүгө чакырды.

Далилдерге карабай, Москва аскердик жайларды гана аткылаганын айтып келет.


Шерине

XS
SM
MD
LG