Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:32

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алиярбек Абжалиев кайра камалды


Алиярбек Абжалиев.
Алиярбек Абжалиев.

Бишкек шаарындагы Октябрь райондук сотунун чечими менен Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алиярбек Абжалиев 13-июлга чейин камакка алынды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Бишкек шаардык соттун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Анда Абжалиевди камакка алуу тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөөчүсү арыз бергени, ал канааттандырылганы айтылат.

Атайын кызмат Абжалиев кайсы ишке байланыштуу кармалганы тууралуу маалымат тараткан жок.

УКМК биринчи жолу Алиярбек Абжалиевди ири көлөмдө алдамчылык кылган деген айып менен 2022-жылы февралда камаган. Анда атайын кызматка ишкерлердин бири кайрылып, экс-депутат ага 2 миллион доллар чыгым келтиргенине даттанганын маалымдаган. Көп өтпөй Биринчи май райондук соту Абжалиевдин бөгөт чарасын өзгөртүп, камактан бошоткон.

УКМКга арызды Абжалиевдин уулу, Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Темирлан Токобековдун бизнес-өнөктөшү, ишкер Сухраб Жармухамедов жазганы кабарланган.

Абжалиевге 2021-жылы мартта "мыйзамсыз баюу" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ал кездеги Антикоррупциялык кызмат Абжалиев кудасы Сооронбай Жээнбеков президент болуп турганда мамлекеттик органдардын ишине активдүү кийлигишип, жеке кызыкчылыгын көздөгөн деп билдирген. Бир жылдан кийин ошол кездеги башкы прокурор Курманкул Зулушев бул иш кыскарганын маалымдаган.

Соңку камоо тууралуу Абжалиевдин жакындары жана жактоочусу комментарий бере элек.

Шерине

XS
SM
MD
LG