Орусияда чет өлкөлүктөрдүн 30% орус тилинен экзаменди дароо тапшыра албайт, жарымындайы экинчи же андан кийинки жолу гана өтөт. Мындай маалыматты ТАСС агенттиги Билим берүү жана илим министрлигине шилтеме менен таратты.
Орус тилинен жана өлкө тарыхынан экзаменди мигранттар 2014-жылдан бери тапшырууга милдеттүү. Ансыз жумушка патент, жашоого убактылуу уруксатты же орус жарандыгын ала алышпайт.
Өткөн жылдын жазында кабыл алынган чечимге ылайык, сынакты 12 жогорку окуу жайы жана бир мамлекеттик уюм гана кабыл алат. Орусиянын Билим берүү жана илим министрлиги мындай чаралар кабыл алынгыча экзаменден кулап калган мигранттардын саны 3% гана болгонун, май айынан бери 30% жеткенин билдирди.
Ошол эле маалда орус бийлиги сынактан квота менен келген мигранттарды бошотууну көздөйт. Мындан тышкары “ башка категориялардагы” келгиндер экзаменден өттү деген документти 30 күндүн ичинде эмес, 90 күндүн ичинде көргөзүшү керек деген өзгөртүү киргизүү каралууда.
Апрелде Орусиянын Рособрнадзор мекемеси мигранттардын балдары үчүн орус тилинен экзамендин талаптарын күчөткөн. Эми мектепке кириш үчүн бала берилген суроолордун 90% туура жооп бериши керек. Бул тууралуу Мамлекеттик думанын спикери Вячеслав Володин өзүнүн Telegram-каналында жазды. Мурун мектепке кабыл алуу үчүн 30% көрсөткүч жетиштүү болчу.
2024-жылы Москвада “Крокус Сити Холлдо” кеминде 145 кишинин өмүрүн алган куралдуу чабуулдан кийин Орусияда мигранттарга каршы маанай күчөгөн. Орус бийлиги кол салуу үчүн шектүү деп тажик тектүү жарандарды атаган.
Расмий Москва ошондон бери мигранттарга талап-эрежелерди кыйла катаалдатып, аларга каршы мыйзамдар кабыл алынып жатат.
Расмий маалыматка ылайык, 2025-жылдын январына карата 608 миң 88 кыргызстандык жаран чет өлкөлөрдө миграцияда жүрөт. Анын ичинен 376 миң 907 адам Орусияда миграциялык каттоого алынган.
Шерине