Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:56

Нидерланд: Мигранттарга каршы чаралар колдоо таппай, өкмөт отставкага кетти


Ашынган оңчулдардын лидери Герт Вилдерс. Гаага, 3-июнь 2025-жыл
Ашынган оңчулдардын лидери Герт Вилдерс. Гаага, 3-июнь 2025-жыл

4-июнда Нидерланддын отставкага кеткен премьер-министри Дик Схоф эрте шайлоо уюштуруларын билдирди. Анын айтымында, парламентте мөөнөтсүз шайлоо өткөрүүнү колдошот. Схоф анын датасы жакында жарыяланарын кошумчалады. Добуш берүү болжолу менен күзүндө болот.

Анын алдынкы күнү ашынган оңчулдардын "Эркиндик" партиясы башкаруудагы коалициядан чыкканын жарялагандан көп өтпөй, өкмөт отставкага кеткен. Схоф министрлер кызматтарын аткара берерин, бирок "Эркиндик" партиясы техникалык өкмөткө кирбей турганын айткан.

Ашынган оңчулдардын лидери Герт Вилдерс мындай кадамга коалиция боюнча өнөктөштөр миграциялык саясатты катаалдаштырууга көнбөй койгондон кийин барган. Мигранттарга каршы позициясы менен белгилүү саясатчы качкындардан башпаанек тууралуу арыз алууну токтотууну, сириялык качкындарды мекенине кайтарууну, мигранттарды кабыл алуу борборлорун жоюуну сунуш кылган. Коалиция боюнча өнөктөштөр андай демилгелерди миграция боюнча министр ("Эркиндик" партиясынын өкүлү) иштеп чыгышы керек деп, талаптарды аткаруудан баш тарткан.

Схоф коалициянын ыдырашын “зарылчылыгы жок” жана “жоопкерчиликсиз” кадам деп атады. Вилдерстин НАТОнун маанилүү саммити алдындагы чечимин өкмөттөгү башка партиялар да сындашты.

Былтыр июлда куралган өкмөт эң башынан эле туруксуз болчу. Партиясынын шайлоодогу жеңишине карабай, Вилдерс өзү өкмөткө кирген эмес жана коалиция түзүүнү камсыздоо үчүн премьер болуудан баш тарткан.


Шерине

XS
SM
MD
LG