Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:21
Украина. Прилуки шаары. 2025-жылдын 5-июну.
Украина. Прилуки шаары. 2025-жылдын 5-июну.

Аялы, кызы жана небереси... Орусиянын соккусунан жакындарынан айрылган өрт өчүрүүчү

Украинада согуш башталганына үч жыл толду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

14:02 5.6.2025

Украинанын ички иштер министри Игорь Клименко Прилуки шаарына жасалган орусиялык чабуулдан каза болгондордун арасында бир үй-бүлөдөн бир нече киши бар экенин, жергиликтүү өрт өчүрүү бөлүмүнүн башчысынын үйүнө дрон тийип, анын жубайы, кызы жана бир жашар небереси мерт кеткенин 5-июнда билдирди.

Чернигов облусуна караштуу бул калаада учкучсуз учактардын соккусунан беш киши каза болгону, дагы алты адам жараат алганы кабарланган.

5-июнда Украинанын Херсон шаары башкарылуучу авиабомба менен бутага алынганын жергиликтүү бийлик кабарлады. Облустук аскердик администрациянын башчысы Александр Прокудин 15 мүнөт аралыгында мындай бомбалардан төртөө учуп келгенин, администрациянын буга чейин да орус аскерлеринин аткылоосунан жабыркаган имараты ого бетер зыян тартканын билдирди.

Прокудиндин айтымында, 74 жана 68 жаштагы эки жергиликтүү тургун жараат алды, көп кабаттуу үйлөрдүн терезелери талкаланып, кээ бир жерлери кыйрады.

Харьков ракета жана дрон менен аткыланганы, кеминде 18 жайкын тургун жараат алганы белгилүү болду.

Одесса ушуну менен үчүнчү түн катар бою дрондордун чабуулу астында калды.

Жалпысынан, бейшембиге караган түнү Орусия Украинанын аймагына кеминде 103 согуштук дрон учурганын, бутага Чернигов, Харьков жана Одесса облустары алынганын, алардын 74ү атып түшүрүлгөнүн өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматы маалымдады.

2022-жылдын февралынан бери коңшусунун толук масштабдуу агрессиясына каршы күрөшүп келе жаткан Украина Орусия миңдеген согуш кылмышына жооптуу экенин айтууда. Москва мындай айыптоолорду адатта четке кагат.

14:41 4.6.2025

Орус армиясы шаршембиге караган түнү Харьковду дрон жана ракеталар менен аткылаганда өрт тутанып, бир нече киши жабыркаганын жергиликтүү бийлик билдирди.

Шаар мэри Игорь Терехов тогуз «Шахед» пилотсуз учак жана эки ракета менен сокку урулганын жазды.

Анын айтымында, өнөр жай зонасында өрт чыгып, жер там күйдү, бир киши жабыркады.

Харьков облусунун губернатору Олег Синегубов ракета чабуулунан жарандык ишкананын аймагында өрт тутанганын, 30 жаштагы киши жаракат алганын кабарлаган.

Украинанын Аба күчтөрүнүн Телеграм каналындагы маалыматка караганда, 4-июнга караган түнү орус аскерлери 91 дрон менен чабуул койду. 36 пилотсуз учак атып түшүрүлгөнү, 25и “радарлардан жок болгону, зыян келтирбегени” айтылат.

Алдыңкы күнү Сумы шаарында төрт киши каза тапканы, 24 тургун жарадар болгону маалымдалган. Эртеси облустук аскердик администрация алты кишинин, арасында үч баланын абалы оор болуп жатканын, бардыгы болуп медициналык жардам 30 кишиге көргөзүлгөнүн билдирди.

Украин президенти Владимир Зеленский карапайым адамдар атайылап бутага алынганын айтып, АКШны жана Европаны Орусияга кысымды күчөтүүгө, чечкиндүү чара көрүүгө чакырды.

Далилдерге карабай, Москва аскердик жайларды гана аткылаганын айтып келет.

14:08 4.6.2025

Украинанын Коопсуздук кызматы (СБУ) Крым (Керчь көпүрөсү) көпүрөсүнүн түркүктөрүнүн бирин суу астында жардырган операция жүргүзгөнүн билдирди.

Мекеме тараткан маалыматта атайын операция 3-июндун таңында болгону айтылат. Коопсуздук кызматы көлөмү бир тоннадан ашык жардыгыч зат колдонулганын маалымдады.

"Жардыруунун натыйжасында көпүрөнүн бир түркүгү катуу жабыркап, авариялык абалда турат. Жайкын тургундар арасында жаракат алгандар жок", - деп айтылат маалыматта.

Коопсуздук кызматы бул операция дээрлик үч ай даярдалганын жана ал мекеменин башчысы Василий Малюктун көзөмөлүндө болгонун кабарлады.

"Коопсуздук кызматы ойлогонун аягына чыгарат. Биз буга чейин 2022-жылы жана 2023-жылы эки ирет чабуул жасаганбыз. Бул жолу да ошол салтты улантып, суу алдында ишке ашырдык", - деди Василий Малюк.

Орусиянын мамлекеттик маалымат агенттиги РИА Новости 3-июнь күнү таңкы саат 6:00дө көпүрөдө кыймыл убактылуу токтотулганын жазган.

Орусиянын Коргоо министрлигине жакын "Рыбарь" каналы кыймыл убактылуу токтотулганын жана учурда ал калыбына келгенин кабарлады.

Жардыруу жана анын кесепеттери боюнча көз карандысыз булактар маалымат жарыялай элек.

Узундугу 19 чакырымдык көпүрө Орусиянын аймагын Крым жарым аралы менен байланыштырып турат. Украинанын аймагы саналган Крымды Орусия 2014-жылы аннексиялап алган. Орусия Украинага кол салган согушта көпүрө орус аскерлерин камсыздоочу негизги жолдордун бири. Көпүрө 2020-жылы ачылган. 2022-жылы 8-октябрда алгачкы жардыруу болгон. Экинчиси 2023-жылы 17-июлга караган түнү уюштурулган. Орусия бул көпүрөнү жарым аралдагы армиясын тамак-аш, курал-жабдык менен камсыздоо үчүн колдонуп келет.

11:37 2.6.2025

Орусия жекшембиде Украинанын Днепропетровск облусундагы аскер полигонун ракета менен аткылады. Анда 12 адам мерт болуп, дагы 60тан көбү жараат алды.

Бул окуядан улам Куралдуу күчтөрдүн жөө аскерлеринин кол башчысы, генерал Михаил Драпатый отставкага кетүү тууралуу арыз жазды. Ал Фейсбуктагы баракчасы аркылуу бул трагедия анын күнөөсү экенин билдирди.

"Эгер трагедия дагы кайталанып жатса, демек менин аракетим жетишиз болгон. Мен кол башчы катары өзүмдүн буйруктарымдын ишке ашуусун толук камсыздай алган жокмун. Бул менин жоопкерчилигим",-деп жазды Драпатый.

Украин армиясынын жөө аскер күчтөрү бул окуга байланыштуу комиссия түзүлүп, ички иликтөө башталганын билдирди.

Орусиянын Коргоо министрлиги жекшембиде кечинде Украинанын аталган облусундагы аскерлердин чатыр лагерине "Искандар-М" комплекси менен чабуул жасалганын бышыктады.

Украинанын жөө аскер күчтөрүнүн басма сөз өкүлү Виталий Саранцев Би-би-синин украин кызматына бул Черкасское облусунун жанындагы аскердик окуу борбору болгонун, бул чабуул биринчиси эмес экенин билдирди.

Бул полигонго ушул жылы 1-мартта дагы Орусия "Искандар" комплекси менен сокку урган. Украин армиясы мерт болгондор, жараат алганда бар экенин билдирген, бирок чоо-жай тууралуу кеңири маалымат берген эмес.

Май айынын аягында Сумыдагы ок атуучу жайга жасалган ччабуулда алты жоокер набыт болуп. ондон ашыгы жараат алган.

2023-жылы 3-ноябрда Запорожье облусунда орус армиясы "Искандер-М" ракетасы менен тоодо чабуул коюучу 128-бригаданын өздүк курамына сокку урганда, бир нече киши каза тапкан. Бригаданын командачысы Дмитрий Лысюк кызматынан алынган. Ошондо ал жоокерлерге медаль тапшыруу аземине кечигип барганы кабарланган.


Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG